Түркиядан жиберилген жардам учактары Грецияга барды

Алпер Гидер учактардын керектүү координациялык изилдөөлөр жана брифингдер аяктагандан кийин ишке киришкенин белгиледи.

2175406
Түркиядан жиберилген жардам учактары Грецияга барды

Грецияда  болгон өрттөргө жардам берүү үчүн Түркиядан жиберилген учактар өрткө кийлигише баштады. 

Грецияга жиберилген  топтогу капитан учкуч Алпер Гидер эки даана AT-802F Fireboss амфибиялык учак жана бир даана T-70 тик учактын кечээ эрте менен Афина Елефтериос Венизелос эл аралык  аэропортунан кызматк ылуучу жерлери болгон Татой аскердик аэропортуна өткөндүгүн айтты.

Гидер учактардын керектүү координациялык изилдөөлөр жана брифингдер аяктагандан кийин ишке киришкенин белгиледи.

Учактардын түрк калкынын өз булактары менен камсыздалгандыгын баса белгилеген Гидер : "Учактардын куйруктарында түрк желеги бар. Мен Грецияда,  бир Европа өлкөсүндө өлкөмдүн желегин желбиретип жатам. Бул мен үчүн абдан маанилүү",- деди. 

 



Тектеш кабарлар