Министр Фидан түркмөн кесиптеши менен жолугушту

Министрликтин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

2175525
Министр Фидан түркмөн кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан борбор шаар Анкарада Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Министрликтин X социалдык медиа баракчасынан жарыяланган билдирүүдө: "Министрибиз Хакан Фидан Анкарада Түркмөнстандын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту" делди.

Дипломатиялык булактар ​​да Фидан менен Мередовдун жолугушууда, Түркия менен Түркмөнстандын ортосунда кол коюла турган жаңы келишимдердин негизинде экономика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн сүйлөшкөндөрү кабарланды.

Маалымат булактары, Түркмөнстан менен соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максатталганын белгилеп, бул максатты кантип көбөйтүү керектиги боюнча пикир алмашылганын билдиришти.

Ошондой эле ташууларды жеңилдетүү үчүн таштала турган кадамдардын сүйлөшүлгөнү, түркмөн жаратылыш газынын Түркия жана Европа рынокторуна жеткирилиши боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнүн бааланганы белгиленди.

Маалымат булактары, жолугушууда Газадагы акыркы кырдаал жана Украинадагы абалдардын да талкуулангандыгын кабарлашты. 



Тектеш кабарлар