Эрдоган Анкарада АК партиянын мааракелик программасында сөз сүйлөдү

Эрдоган 23 жылдын ар бир этабын иш кылуу, кызмат жана долбоорлорду ишке ашыруу, улуттун көйгөйлөрүнө чечим табуу менен өткөргөнүн айтты.

2175578
Эрдоган Анкарада АК партиянын мааракелик программасында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкаруусундагы 23 жылда абдан кеңири өзгөрүү-өнүгүү жолун басып өткөнүн айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада төрагасы болгон АК партиянын 23- мааракелик программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган 22 жылы бийликте жалпы 23 жылдын ар бир этабын иш кылуу, кызмат жана долбоорлорду ишке ашыруу, улуттун көйгөйлөрүнө чечим табуу менен өткөргөнүн айтты.

Бийликтеги жылдарында өлкөнү ар тармакта өнүктүрүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган, дүйнөнүн эң кеңири социалдык коопсуздук системасын түзгөндөрүн, өлкөнүн эң чоң жаратылыш газ запастарын ачкандарын, жергиликтүү жана улуттук унаа TOGGду чыгаргандарын айтты.

Түркияны коргонууда тандамал өлкөлөрдүн лигасына көтөрүшкөндөрүн билдирген Эрдоган, түрк экономикасын да өстүрүшкөндөрүн баса белгиледи.

Өлкөдө укук жана эркиндиктер тармагында үнсүз төңкөрүшкө кол койгондорун белгилеген Эрдоган, эч кимдин ишеними жана кийими үчүн четте калбаганын айтты.

Түркиянын АК партиянын 23 жылдык башкаруусунда абдан кеңири өзгөрүүнү башынан өткөргөнүн маалымдап: «Тышкы саясатта конструктивдүү, активдүү, салкын жана татыктуу мамилебизди улантабыз" деген Эрдоган: «Израилдин бүткүл аймакты өрттөө аракетине каршы турабыз. Бүгүн бизде Палестинанын президенти Махмут Аббас конок болот. Эртең ардактуу конок катары Палестина элинин атынан Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Жалпы Жыйынында сөз сүйлөйт. Эркиндик үчүн күрөшүп жаткан Палестина элинин үнү парламентибиздин трибунасынан дагы бир жолу дүйнөгө угулат. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасында сүйлөөгө укуктуу болгондой Махмуд Аббастын да өлкөбүздүн парламентинде сүйлөөгө укугу бар экенин көрсөтөбүз. Газада 40 миңден ашуун бейкүнөө адамдын канын төккөн геноциддик канкорлор мыйзам алдында жооп бергенге чейин күрөшөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар