Түркия Грецияга эки өрт өчүрүүчү учак жана бир тик учак жөнөтүүдө
Түркия борбор шаар Афина жакындарындагы Варнада башталган жана катуу шамалдан улам Аттикинин түрдүү аймактарына жайылган өрттөн улам Грецияга жардам сунуш кылган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели бул тууралуу Х эсебиндеги билдирүүсүндө : «Афинаны таасири астына алган өрттөр менен күрөшүп жаткан коңшубуз Грецияга колдоо көрсөтүү максатында эки өрт өчүрүүчү учак жана бир тик учак жиберүү үчүн керектүү иштер баштатылды»,- деди.
Түркия борбор шаар Афина жакындарындагы Варнада башталган жана катуу шамалдан улам Аттикинин түрдүү аймактарына жайылган өрттөн улам Грецияга жардам сунуш кылган.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда тышкы иштер министри Хакан Фидан Афина башкаруучулугуна Түркиянын Грецияга жакшы коңшулук карым – катнаштарынын алкагында жардам берүүгө даяр экенин билдирген.
Грек тарап сунушту карап чыгышарын, керек болсо Түркиядан жардам сурай тургандыктарын билдирген.
Бир тараптан Варнавада жекшемби күнү башталган жана катуу шамалдан улам Врилисияга жайылган өрттө күйгөн дененин табылганы билдирилди.
Сөөктүн өрт учурунда дайынсыз жоголгон жана кабар алына албаган болжол менен 65 жаштагы бир аялга таандык экенидиги айтылды.