Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Түркияга келет

Эрдоган Аббас менен борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушат.

2174997
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Түркияга келет

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас 14-15-августта Түркияга келет.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Аббас менен 5 айлык убакыттан кийин борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жолугушат.

Эрдоган-Аббас жолугушуусунда; Израилдин Газа тилкесиндеги кыргындары, аймактагы гуманитардык кризис жана ок атышпоо аракеттери күн тартибинде болуп, Иран-Израиль тиреши баш болгон аймакта күчөгөн чыңалуу да каралат.

Махмуд Аббас 15-августта болсо Түркия Улуу Улуттук Парламентинде (TBMM) Жалпы Жыйынга кайрылуу жасайт.

Аббастын парламентке кайрылуусу, 31-июлда Хамастын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнөн кийин Түркиянын Палестинага колдоосун дагы бир жолу эң күчтүү түрдө жарыялоосун билдирет.  

Израилдин кыргындарына катуу реакция кылган Жалпы Жыйын мурда да Палестинаны колдой турганын кабарлап, Парламенттин төрагалыгынын бул темадагы сунушу кабыл алынган.



Тектеш кабарлар