Бодрумга эки круиздик кеме келди
Паспорттук текшерүүлөрдөн кийин порттон жөнөгөн жүргүнчүлөр, тарыхый жана туристтик аймактарда сейилдеп, соода кылышты.
2174717
Мугланын Бодрум районуна эки круиздик кеме менен 3 миң 162 жүргүнчү келди.
Мальта желектүү 295 метрлик «Mein Schiff 5» круиздик кемеси жана Франция желектүү 187 метрлик «Club Med 2» круиздик кемеси Бодрум круиз портуна токтоду.
Кушадасы портунан районго багыт алган «Mein Schiff 5» кемесинде 2816 жүргүнчү жана 913 кызматкер, Самос портунан келген «Clup Med 2» круиздик кемесинде да 346 жүргүнчү жана 214 кызматкердин бар экени маалымдалды.
Паспорттук текшерүүлөрдөн кийин порттон жөнөгөн жүргүнчүлөр, тарыхый жана туристтик аймактарда сейилдеп, соода кылышты.