АКШ Түркиянын ортомчулук ролун баса белгиледи

АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында билдирүү жасады.

2174876
АКШ Түркиянын ортомчулук  ролун баса белгиледи

 Иран  -  Ливан -  Израиль линиясында чыңалуу күн өткөн сайын күчөп, АКШ ортомчулук үчүн Түркияны белгиледи.

АКШнын Анкарадагы элчиси Жефф Флейк Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында билдирүү жасады.

Иран – Ливан - Израиль линиясындагы чыңалууга токтолгон АКШ элчиси: «Иран менен карым - катнашы бар бардык союздаштарыбызды Иранды чыңалууну азайтууга көндүрүүсүн каалайбыз жана Түркия бул өлкөлөрдүн арасында»,-деди.

Түрк жооптууларынын чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын  аткаргандыгын белгилеген Флейк, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн АКШ менен Россиянын ортосундагы эң чоң масштабдуу туткун алмашууда Түркиянын маанилүү ролду ойногондугун айтты.

 



Тектеш кабарлар