Түркия менен Түштүк Кореянын борбордук банктары келишим түздү

Борбордук банктын билдирүүсүна караганда келишимге Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрагасы Фатих Карахан менен Кореянын Борбордук банкынын төрагасы Чанг Йонг Ри кол койгону белгиленди.

2174305
Түркия менен Түштүк Кореянын борбордук банктары келишим түздү

Түркия Республикасынын Борбордук банкы (ТРББ) менен Түштүк Кореянын Борбордук банкы түрк лирасы-корей вону эки тараптуу валюта алмашуу своп (swap) келишимин жаңылады.

Борбордук банктын билдирүүсүна караганда келишимге Түркия Республикасынын Борбордук банкынын (ТРББ) төрагасы Фатих Карахан менен Кореянын Борбордук банкынын төрагасы Чанг Йонг Ри кол койгону белгиленди.

Своп келишиминин эки борбордук банктын ортосунда учурдагы валюта курстарын чагылдырган максимум 56 миллиард түрк лирасы же 2,3 триллион корей вонуна барабар жергиликтүү акча свопуна уруксат берери белгиленди.

Билдирүүдө, «Келишимдин колдонуу мөөнөтү бүгүнтөн баштап 3 жыл жана тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн. Макулдашуунун максаты валюталык своп аркылуу каржыланган сооданы жөнгө салуу аркылуу эки тараптуу сооданы жана финансылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Тараптар эки борбордук банктын ортосундагы кызматташтык своп келишими менен дагы бекемделет деп күтүшөт»,деп маалымдалган.



Тектеш кабарлар