Түркия менен Казакстандын ортосунда айыл чарба тармагында 4 кызматташтык келишимине кол коюлду

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы борбор шаар Анкарада Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана аны коштогон делегация менен министрликте жолугушту.

2174464
Түркия менен Казакстандын ортосунда айыл чарба тармагында 4 кызматташтык келишимине кол коюлду

Түркиянын айыл чарба камсыздандыруу тажрыйбасы түрк мамлекеттерине өткөрүлөт.

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы борбор шаар Анкарада Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жана аны коштогон делегация менен министрликте жолугушту.

Жолугушуудан кийин Түркия менен Казакстандын ортосунда айыл чарба тармагында 4 кызматташтык келишимине кол коюлду.

Кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Юмаклы : «Өткөн жылы айыл чарба соодабыз 300 миллион долларды түздү жана потенциалыбыздан бир топ төмөн болгон бул көрсөткүчтү арттырууну каалайбыз»,-деди.

Акыркы мезгилде Түрк Мамлекеттер Уюмуна кирген өлкөлөрдө айыл чарба камсыздандыруу системасын түзүү үчүн иш алып барышкандарын белгилеген Юмаклы : «Мунун алгачкы мисалдары Азербайжан жана Өзбекстан болду. Бүгүн кол коюлган ниет декларациясы менен биргелешип иштейбиз деп ишенем. Айыл чарба камсыздандыруусу боюнча түпкү максатыбыз Түрк мамлекеттеринин Айыл чарба камсыздандыруу биримдигин түзүү. Ушул жана ушул сыяктуу кызматташуулар бул биримдиктин түзүлүшүнө жол ачат», - деп өз баасын берди.

Сапаров болсо ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба соодасынын көлөмүн эки эсеге көбөйтө аларын айтты.



Тектеш кабарлар