Эрдоган Эрен Бүлбүл менен Ферхат Гедикти эскерди
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн жарыялады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, бардык шейиттердин канкорлору менен күрөштү акырына чейин уланта тургандарын билдирди.
Президент Эрдоган, Трабзондун Мачка районунун элет жерлеринде 2017-жылдын 11-августунда жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү менен болгон катуу ок атышууда шейит болгон 15 жаштагы Эрен Бүлбүл менен жандармериянын кенже лейтенанты, улук сержант Ферхат Гедикти курман болгондугунун жети жылдыгында эскерди.
Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө төмөнкү сөздөрдү айтты:«Жикчил террордук уюмдун карасанатай кол салуусунун натыйжасында шейит болгон уулубуз Эрен Бүлбүл менен жандармериянын кенже лейтенанты Ферхат Гедикти шейит болушунун жети жылдыгында ырайым менен эскерем. Эренибиздин, кенже лейтенант Ферхатыбыздын жана бардык шейиттерибиздин канкорлору менен күрөшүбүздү акырына чейин улантабыз».