Эрдоган Эфиопиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Эфиопиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык абалдар каралды.

2173913
Эрдоган Эфиопиянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед Али менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда жолугушууда Түркия менен Эфиопиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана глобалдык абалдар каралды.

Эки өлкөнүн карым-катнаштарынын күндөн-күнгө өсүп баратканын белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы чыңалууну токтотуу аракетин улантып жатканын, Сомалинин биримдиги, эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүнө байланыштуу тынчсызданууларын чечүү үчүн Эфиопиядан кадамдарды жасоо процессти жеңилдете турганын билдирди.

Израилдин Газада геноцидди улантып жатканын белгилеген Эрдоган, Эфиопиянын адамдык абийирди жактап Палестина маселесине колдоо көрсөтүүсүнүн эл аралык коомчулуктун туруктуу тынчтык аракеттерине салым кошо турганын айтты.



Тектеш кабарлар