Байден MITтин алмашуу операциясын түз эфирден байкаган
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) борбор шаар Анкарада АКШ, Германия, Польша, Словения, Норвегия, Орусия жана Беларустун түрмөлөрүндөгү 26 кишинин өз ара алмашуусун камтыган акыркы мезгилдин эң кеңири масштабдуу алмашуу операциясын ишке ашырды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден 1-августта Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) ортомчулугу менен ишке ашырылган тарыхый алмашуу операциясын түз эфирде көрдү.
MİT борбор шаар Анкарада АКШ, Германия, Польша, Словения, Норвегия, Орусия жана Беларустун түрмөлөрүндөгү 26 кишинин өз ара алмашуусун камтыган акыркы мезгилдин эң кеңири масштабдуу алмашуу операциясын ишке ашырды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда эки айдын ичинде Стамбул жана Анкарада бардык тиешелүү өлкөлөрдүн катышуусу менен операцияга байланыштуу эки жыйын өткөрүлдү.
Операциянын Түркияда болушун АКШ да, Орусия да каалаган. Бул тандоодо эки өлкөнүн Түркияга болгон ишеними маанилүү фактор болду. MİTтин тартиптүү иштөө ыкмасы, мындай операцияларды эч кандай кыйынчылыксыз башкаруусу жана жашыруундук жагынан ийгилиги да Түркиянын тандоосунда маанилүү факторлор катары көзгө урунду.
MİT төрагасы Ибрахим Калын алмашуу операциясына 15 күн калганда АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул сүйлөшүүдө Салливан АКШнын президенти Байдендин алмашуу операциясын түз ободо байкоону каалаганын белгилеп, алмашуу иштеринин Түркия убактысы боюнча саат 17.00дө башталышын суранды.
Бул өтүнүчтү эске алуу менен MİT ушул убакта алмашуу операциясын баштады. Операцияга АКШ президенти Байден да түз эфирден көз салды.
1-августта Түркияга АКШдан 2, Германия, Польша, Словения, Норвегия жана Орусиядан 7 учак менен 26 киши жеткирилди.
Операциядан кийин маалымат жыйынын өткөргөн Байден президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып ыраазычылык билдирди.
MİT жетектеген операция Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки акыркы 80 жылдын эң чоң алмашуусу катары катталды.
Операцияда алмашылгандардын арасында The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович, АКШнын мурдагы деңиз аскери Пол Уилан, немис жараны жалданма Рико Кригер, орусиялык диссидент Илья Яшин жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын офицери Вадим Красиков бар.