Түркия Израилдин мектепке карата кол салуусуна каршылык көрсөттү
Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө кол салуунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн туруктуу ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн саботаж кылууну каалаганын дагы бир жолу көрсөткөнү белгиленди.
Түркия Израилдин Газа шаарынын Дереж маалысаныдагы бир мектеп имаратына баш калкалаган жүздөн ашуун жаранды кыргынга учуратып, адамзатка каршы жаңы бир кылмыш кылгандыгын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө кол салуунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн туруктуу ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн саботаж кылууну каалаганын дагы бир жолу көрсөткөнү белгиленди.
«Израиль Газа шаарынын Дараж аймагындагы мектеп имаратына баш калкалаган жүздөн ашуун жаранды өлтүрүп, адамзатка каршы жаңы кылмыш жасад",- деп айтылган билдирүүдө Израилди токтотуу үчүн кадам таштабаган эл аралык актерлордун бул кылмышка шериктеш болгондугу баса белгиленди.
Израиль армиясы Газанын чыгышындагы Дереж мааласында жер которгондор баш калкалаган Эт-Табиин мектебине кол салды. Миңдеген киши баш калкалаган мектепте жер которгондор багымдат намазын окуп жатканда болгон кол салууда 100дөй киши каза болуп, ондогон киши жараланды.
Жергиликтүү булактар кол салууда сөөктөрдүн бөлүктөргө бөлүнгөнүн жана өрттөнгөндүгүн билдирип, жарандык коргонуу топторунун айланага чачыраган сөөктөрдү чогултууда кыйналгандыгын билдиришкен.