Нуман Куртулмуш Анафарталар жеңишине карата билдирүү жарыялады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Анафарталар жеңишинин Чанаккаладеги дастанга айланган күрөш менен тарыхтын унутулгус жеңиштеринин бири экендигин белгиледи.

2173840

Нуман Куртулмуш Анафарталар жеңишинин  109 жылдыгынан улам социалдык медиадан билдирүү жарыялады. 

Билдирүүсүндө түрк улутунун көз карандысыздык үчүн күрөшүндөгү бурулуш жерлеринин бири болгон Анафарталар жеңишинин Чанаккаледеги дастанга айланган күрөш менен тарыхтын унутулгус жеңиштеринин бири экендигин баса белгилеген Куртулмуш : "Анафарталарда нарк  - насил, мекен үчүн шейит болуп мекенибизди бизге аманатка калтырган баатырларыбыз, тарыхтын агымын өзгөрткөндөй эле  келекчектеги муундарга да каршы чыгуу рухун мурас калтырды. Бул улуу жеңиштин  109 - жылында Анафарталар командири Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана Чанккаледе тарых жазган бардык шейиттерибизди ыраазычылык менен эскерем",- деди. 

Улуттук коргоо министрлиги да Анафарталар жеңишинин  109 -  жылына байланыштуу билдирүүсүндө : "Анафарталар жеңишинин  109 -  жылында ; Анафарталар баатыры Гази Мустафа Кемал Ататүрк башта болгон кан төгүп душман менен согушкан бардык шейиттерибизди ыраазычылык жана урмат  - сый менен эскерем",- деп билдирди. 

Тектеш кабарлар