Эрдоган Чукурова эл аралык аэропортунун ачылышында сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган Мерсиндеги Чукурова эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө жылына 9 миллион жүргүнчү көлөмүнө ээ болгон аэропорттун учуу тилкесинин узундугунун 3 миң 500 метр экенин белгиледи.

2173884
Эрдоган Чукурова  эл аралык  аэропортунун ачылышында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чукурова эл аралык аэропортунун  Жер Ортолук деңизинин өнүгүүсүндө локомотивдик роль ойной турганын айтты.

Президент Эрдоган Мерсиндеги Чукурова эл аралык аэропортунун ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө жылына 9 миллион жүргүнчү көлөмүнө ээ болгон аэропорттун учуу тилкесинин узундугунун 3 миң 500 метр экенин белгиледи.

Чукурованын соода, туризм жана айыл чарба өндүрүшүнө салым кошо турган аэропортто болжол менен 3 миң киши жумуш менен камсыз боло турганын белгилеген Эрдоган, Чукурова аэропортунун өнөр жай зоналарынын продукциясын дүйнөгө ташый турганын, экспортко мультипликатордук таасир тийгизерин баса белгиледи.

Аданадагы Шакирпаша аэропортунун жабылбай турганын баса белгилеген президент, аталган аэропорттун эми окуу борбору катары кызмат кыла тургандыгын айтты.

Коммерциялык каттамдар үчүн Чукурова; Шакирпаша аэропортун билим берүү, кырсыктан куткаруу жана коопсуздукка байланыштуу иштер үчүн колдоно тургандарын белгилеген Эрдоган, Чукурова аэропортун Мерсин-Адана-Газиантеп ылдам жүрүүчү поезд линиясы менен бириктире тургандарын, Мерсин-Адана жол убактысынын 35 мүнөткө чейин кыскара турганын айтты. Эрдоган Чукурова эл аралык аэропорту менен Түркиянын 58 -  аэропортуна ээ болгондугун билдирди. 

 



Тектеш кабарлар