Хакан Фидан Израилдин колдоочуларына чакыруу салды
Фидан Түркиянын Түштүк Африканын Израилге каршы козгогон геноцид доосун алгачкы учурдан баштап колдогонун жана Эл аралык адилет сотуна кайрылган доого кошулгандыгын эске салды.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилге шартсыз колдоо бергендерге кайрылып : «Чыңалууну кимдин курчутканы ачыкча көрүнүүдө. Туура эмес жерге эсеп чыгаруу адатыңарды токтоткула»,- деди.
Хакан Фидан Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрахимович менен Стамбулда Долмабахче президенттик иш кеңсесинде өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Газага гуманитардык жардам берүү тууралуу эл аралык коомчулуктун Израилге кысым жасоо жана палестиналыктардын ачкачылыкта калтырылышына тоскоол болууга мажбур экендигин белгилеген Фидан : «Газадагы кыргындын аткаруучулары жазасыз калбашы керек. Булк анкорлор эл аралык соттордо эртели – кеч жоопко тартылат», - деди.
Фидан Түркиянын Түштүк Африканын Израилге каршы козгогон геноцид доосун алгачкы учурдан баштап колдогонун жана Эл аралык адилет сотуна (ICJ) кайрылган доого кошулгандыгын эске салды.
Фидан аймактын дагы көп чыңалууга, жаңы кагылышууларга, жаңы согуштарга чыдай албастагын айтты.
Тышкы иштер министри : «Түркия катары биз аймагыбызда тынчтык жана бейпилдикти каалайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Кахраманмарашта 7 миң 600 жылдык скелет табылды
Скелеттин так жашы ДНК изилдөөлөрү жана көмүртек 14 тестинен кийин аныкталат.
Ички иштер министри Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри менен жолугушту
Министр Али Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту.