Эмине Эрдоган Бангладештин премьер - министрин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган Бангладеш Убактылуу өкмөтүнүн спикери болгон БУУнун «Нөл калдык» жогорку деңгээлдеги инсандар  кеңешинин мүчөсү Мухаммед Юнуска ийгилик каалагандыгын билдирди.

2173599

Эмине Эрдоган социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө өзү жетектеген БУУнун «Нөл калдыктары» жогорку деңгээлдеги инсандар кеңешинин мүчөсү Мухаммед Юнуска Бангладештин Убактылуу өкмөтүнүн президенти катары жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Эмине Эрдоган билдирүүсүндө  : «Мухаммед Юнустун кеңешибиздин ишине кошконмаанилүү салымы үчүн ыраазчылык билдирем, өлкөсүнүн демократиясы, бейпилдиги, туруктуулугуна кошо турган салымынын коомдун бардык катмарларына тынчтык жана үмүт алып келерине чын жүрөктөн ишенем. Ушул себеп менен дос жана боордош Бангладеш калкына бейпилчилик жана бакубат жашоосу үчүн жакшы тилектеримди билдирем»,- деди.

Тектеш кабарлар