Түркия Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотундагы (ICJ) доого кошулуусу жөнүндө билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министрлиги, Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна берген доо арызына Түркиянын кошулганына байланыштуу билдирүү жасады.

2172812
Түркия Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотундагы (ICJ) доого кошулуусу жөнүндө билдирүү жарыялады

Түркия, Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна (ICJ) берилген доо арызга кошулуу кайрылуусунун Палестина маселесинин адилеттүүлүктүн алкагында чечилишине берген маанинин чагылышы экенин белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги, Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна берген доо арызына Түркиянын кошулганына байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Түштүк Африка Республикасы тарабынан Израилдин геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө 1948-жылдагы конвенциясы боюнча өз милдеттенмелерин бузгандыгы жөнүндө Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна (ICJ) берилген доо арызды биздин өлкө процесстин башталышынан бери байкап жатат»,делди.

Кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кылдат баалоолорунан кийин Түркиянын ишке кошулуу чечими тышкы иштер министри Хакан Фидан тарабынан 2024-жылдын 1-майында жарыяланганы эске салынган билдирүүдө: «Бул процессте тиешелүү мекеме-уюмдардын салымы жана катышуусу менен министрликтин координациясында жүргүзүлгөн комплекстүү укуктук иштерден кийин арызга карата биздин кошулуу декларациябыз, Геноцид Конвенциясынын катышуучусу болгон өлкө катары, Эл аралык соттун Статутунун 63-беренесинин алкагында  2024-жылдын 7-августунда Сотко берилди»,-деп айтылды.

Билдирүүдө : «Биздин кошулуу чечимибиз Палестина маселесинин мыйзам жана адилеттүүлүктүн алкагында чечилишине өлкөбүздүн маани бергендигинин  чагылышы. Адамдык абийир жана эл аралык укук Израилдик жооптуу кызматкерлердин жоопко тартылышын камсыздайт»,-деп баалоо камтылган.



Тектеш кабарлар