Министр Өмер Болат Пакистанда

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр каралды.

2172982
Министр Өмер Болат Пакистанда

Соода министри Өмер Болат расмий сапар менен барган Пакистандын борбор шаары Исламабадда каржы министри Мухаммад Аурангзеб менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштар жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Соода министри Өмер Болат жолугушуунун чоо-жайын социалдык медиа баракчасынан жарыялады.

Болат жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды, инвестор жана экспорттоочу компаниялардын артыкчылыктуу темаларын, ошондой эле кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулагандарын билдирди.

Өткөн жылы Түркия менен Пакистандын ортосундагы соода көлөмүнүн 1 миллиард доллардан, инвестициянын 2 миллиард доллардан ашканын эске салган Өмер Болат: «Пакистан менен соода көлөмүбүздү 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылуудабыз»,-деди.

Соода министри Болат эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тармактарын кеңейтүү аракеттеринин улана турганын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар