Махинур Өздемир Бекташ Элма Саиз Делгадо менен жолугушту

Гөкташ Түркияга келген Испаниянын Инклюзия, социалдык коопсуздук жана миграция министри Элма Саиз Делгадо менен Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде жолугушту.

2172962
Махинур Өздемир Бекташ   Элма Саиз Делгадо менен жолугушту

Үй - бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ Израилдин Газада жасаган геноцидди жаап - жашыра албастыгын, бул адамкерчиликсиз мыкаачылык үчүн эртели  - кеч адилеттик алдында жооп берерин айтты.

Гөкташ Түркияга келген Испаниянын Инклюзия, социалдык коопсуздук жана миграция министри Элма Саиз Делгадо менен Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде жолугушту.

Жолугушууда эки министрликтин ортосунда июнь айында кол коюлган келишимдин негизинде аткарылган иштер менен бирге кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн талкуулангандыгы, социвлдык саясаттарга байланыштуу пикир алышуулардын болгондугу билдирилди.

Министр Гөкташ Израилдин Палестинага карата кол салууларына каршы Испаниянын позициясынан улам Делгадого ыраазычылык билдирди.

Кылымдардан бери тынчтыктын жана бейпилдиктин өкүлү болгон Палестина жерлеринин бүгүн от чамбарынын астында экендигин айткан Гөкташ : «75 жылдан бери оккупация астындагы Палестина бүткүл дүйнөнүн көз алдында талап  - тонолууда. Кагылышуулардан улам Газада каза болгон  40 миңге жакын палестиналыктын көпчүлүгүн балдар менен аялдар түзүүдө. Бүгүн палестиналык боордошторубуз кыргынга учурап жатат»,- деди.

Гөкташ Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотунда козгогон геноцид иштерине Түркиянын тиешеси бар экенин жарыялоосу тууралуу: «Израиль Газада жасаган геноцидди жаап-жашыра албайт, эртели  - кеч  бул адамгерчиликсиз мыкаачылык үчүн сот алдында жооп берет»,- деди.



Тектеш кабарлар