Хакан Фидан Дэвид Ламми менен сүйлөштү
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Фидандын Ламми менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдады.
2172770
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламми менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Фидандын Ламми менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн маалымдады.
Кечели сүйлөшүүдө Газадагы акыркы абалдар жана аймакта күчөгөн чыңалуунун талкууланганын белгилеп: «Министрибиз, Израилдин ок атышпоого каршы чыккан тарап экенин эске салып, кагылышуулардын аймактык деңгээлге жайылып кетүү коркунучуна көңүл бурду. Израилдин агрессиясын токтотуу керектигин айтты»,-деди.
Тектеш кабарлар
Сакария жеңишинин 103 жылдыгы
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сакария жеңишинин 103 жылдыгы менен куттуктады.