Эрдоган менен Мадуро телефон аркылуу сүйлөштү

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.

2172756
Эрдоган менен Мадуро телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Түркия-Венесуэла карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган, Венесуэладагы шайлоонун пайдалуу болушун, Түркиянын Венесуэладагы диалог процессине колдоо көрсөтүүнү улантаарын, Венесуэла элине тынчтык, бакубатчылык жана жыргалчылык кааларын билдирди.

Эрдоган Венесуэланын Израилдин зулумуна каршы Палестинага көрсөткөн колдоосун жогору баалаганын айтты.



Тектеш кабарлар