Куртулмуш менен Володин телефон аркылуу сүйлөштү

Парламенттин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Володин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмушту 28-29- ноябрда Орусияда өтө турган «Террор менен күрөшүү жана аймактык байланыш конференциясына» чакырды.

2172396
Куртулмуш менен Володин телефон аркылуу сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Парламенттин төрагалыгынан берилген маалыматка караганда жолугушууда Володин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмушту 28-29- ноябрда Орусияда өтө турган «Террор менен күрөшүү жана аймактык байланыш конференциясына» чакырды.

Чакыруу үчүн ыраазычылык билдирген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш сентябрь айында коштоосундагы парламенттик делегация менен Орусиянын борбор шаары Москвага расмий сапар менен бара тургандарын айтты. Куртулмуш бул сапарда конференцияга даярдыктар менен катар эки тараптуу темалардын кеңири талкуулана турганын айтты.

Террордун орток коркунуч экенин жана көптөгөн өлкөнүн террор коркунучунда экенин баса белгилеген Куртулмуш, кээ бир чоң күчтөрдүн террордук уюмдарды прокси согуш куралы катары колдонгонун айтты.

Израилдин Газада бир жылга жакын убакыттан бери кол салып жатканын белгилеген Куртулмуш, бул кол салууларды өкүнүч менен айыптагандарын айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш Израилдин эл аралык укуктарга баш ийбей Ирандын борбор шаары Тегеранда Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийеге карата кол салуусунун мамлекеттик террордун ачык мисалы экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар