Түркиядан израилдик министрге реакция

Тышкы иштер министрлиги, Израилдин тышкы иштер министри Катцтын социалдык медиа платформасынан жарыялаган бөлүшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2172193
Түркиядан израилдик министрге реакция

Түркия палестиналыктарга эң күчтүү колдоо көрсөтүүнү уланта турганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги, Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Катцтын социалдык медиа платформасынан жарыялаган бөлүшүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Израилдин тышкы иштер министри өлкөбүздү жана президентибизди бутага алган жалаа жана калпка толгон төмөнкү деңгээлдеги постторду жарыялоону адатка айлантты. Сөз болуп жаткан адам эчак эле сүйлөшүлгүс адам болуп калган. Түркия кечээкидей эле бүгүн да палестиналыктарга эң күчтүү колдоо көрсөтүүнү улантат»,-делди.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Катцтын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүсүнө Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы жана төрагасынын орун басары Өмер Челик да реакция кылды.

Челик, социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Президентибиздин эрки, азыркы нацисттердин кылмыштарын бетине айтууну улантууда. Израилдин тышкы иштер министри Катц Гитлердин тышкы иштер министри Риббентроптун фотокопиясы. Кацтын сөздөрү ошол кездеги нацисттердин сөздөрү менен бирдей»,-деди.



Тектеш кабарлар