Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйыны өттү
Президенттик комплексте өткөн жыйында ата мекендик жана улуттук курал системалары жана технологиялары боюнча маселелер талкууланды.
Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитети президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада чогулду.
Президенттик комплексте өткөн жыйында ата мекендик жана улуттук курал системалары жана технологиялары боюнча маселелер талкууланды.
7 айлык тыныгуудан кийин өткөрүлгөн Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышында Түрк коргонуу өнөр жайынын деңгээли жана маанилүү долбоорлорго карата баа берүүлөр болду.
Түрк куралдуу күчтөрү жана коопсуздук бөлүктөрү колдонгон жергиликтүү жана улуттук системаларга жаңы системаларды кошуу жана инвентаризациядагы өнүмдөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү чечимдери кабыл алынды.
Жыйында Түркиянын бул жылы коргонуу жана аэрокосмос тармагындагы экспорт максаттарына байланыштуу таштала турган кадамдар каралды.