Фидан: «Газада жаңы Сребреница менен бетме-бет келдик»
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Босния-Герцеговинада чыккан Stav журналына маек берди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Палестинага кол салуусу тууралуу: «Газада жаңы Сребреница менен бетме-бет келдик»,-деди.
Хакан Фидан Босния-Герцеговинада чыккан Stav журналына маек берди.
Израилдин Палестинага кол салууларына байланыштуу Фидан: «Бул трагедия 7-октябрда башталган жок. 7-октябрь көрмөксөнгө салынган көйгөйдүн кайрадан билдирилиши болчу. Маселе Палестина аймагында басып алуу процессинин жылдар бою уланып келе жатканында. Израиль Палестиналыктардын жерлерин уурдоо адатын таштабай жатат»,-деди.
Фидан Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө, ал географияда эч кимге тынчтык болбой турганын айтты.
Израилдин Газаны талкалаганын, балдар, карылар жана аялдар да болгон баарын кырганын белгилеген Фидан Газадагы мыкаачылыктын азыркы дүйнөлүк тартиптин алсыздыгын ачыкка чыгарганын белгиледи.
Газада бардык негизги адамдык баалуулуктардын тебеленип жатканын баса белгилеген Фидан, жада калса гуманитардык жардам жеткирүүгө да уруксат берилбегенин белгиледи.
Европанын чок ортосунда 29 жыл мурда «үрөй учурган кыргындын» болгонун белгилеген Фидан : «Сребреницадагы геноцид адамзат тарыхында кара так катары калды»,-деп өз баасын берди.
«Газада жаңы Сребреница менен бетме-бет келдик. Европа баш болуп Батыш кайрадан туура эмес тарапта»,-деп айткан Фидан Газадагы кыргынды кылгандардын жазасыз калбашы керектигин айтты.
Фидан Түштүк Африканын Израилге каршы козгогон геноцид ишин толук колдой турганын баса белгиледи.