АКШ медиасынын Эрдоганды мактоосу

Американын медиасы Папа Францисктин Олимпиаданын ачылышына капа болгонун билдирүүсүндө президент Эрдогандын таасири болгонун баса белгиледи.

2171817
АКШ медиасынын Эрдоганды мактоосу

Президент Режеп Таййип Эрдогандын лидерлик жетишкендиктери чет элдик басылмаларда да уланууда.

Американын медиасы Папа Францисктин Олимпиаданын ачылышына капа болгонун билдирүүсүндө президент Эрдогандын таасири болгонун баса белгиледи.

АКШда жайгашкан жана католиктер үчүн басылмаларды чыгарган интернет гезити Crux Now, Папа Францисктин кайгысын билдирген билдирүүсүндө Эрдоган менен сүйлөшүүсүнүн таасирдүү болгонун белгилеген. Макалада «Түркиянын президенти Эрдоган чоң саясий актер» деп айтылган.

Париж Олимпиада оюндарынын ачылышындагы бузуку пропаганда чоң реакцияны жаратып, президент Эрдоган да болуп өткөндөрдү сынга алды.

Президент Эрдоган бул темадагы тынчсыздануусун Папа Франциск менен сүйлөшүүсүндө да билдирди.

Crux Now, Папа Францисктин Эрдоган менен сүйлөшүүсүнүн кайгысын билдирген билдирүүсүндө таасирдүү болгонун белгиледи.

Макаланын баш сөзүндө «Олимпиада талашында Папага шыбыраган киши Эрдоган» деген сөз колдонулган.

Кабардын кириш сөзүндө Эрдогандын лидерлигине басым жасалып, «Кандай максатта жана тактикада болбосун Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган чоң саясий актер» деп айтылды.

Макалада Эрдогандын «Түркияны дүйнөлүк держава катары жайгаштырганына» да көңүл бурулган.

Анализ макаласында Эрдогандын ийгиликтеринин арасында Олимпиадада болгондорго унчукпай койгон Папа Францискти билдирүү жасоого ынандыруу да бар экени баса белгиленди.

Ватикандын билдирүүсүндө «глобалдык биримдикти чыңдоого багытталган иш-чара диний ишенимдерди шылдыңдабашы керек» делди.

Макаланын акыркы бөлүгүндө Эрдогандын өзгөчө «Реис» деген лакап аты менен катар 20 жылдан бери көптөгөн маанилүү лкап аттары болгонун, буларга «Папага Шыбыраган» сөзүнүн кошула турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар