Хакан Фидан Египетте
Министр Фидан Египетке сапарынын алкагында жолугушууларын улантууда.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Бедир Абдулатинин чакыруусу менен барган бул өлкөдө жолугушууларын улантууда.
Хакан Фидан Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси тарабынан кабыл алынды.
Министрликтин X баракчасында жарыяланган билдирүүдө «Министрибиз Хакан Фидан Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси тарабынан Аламейнде кабыл алынды» деген сөздөр камтылды.
Министр Фидан Египетке сапарынын алкагында Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Эбу Гайт менен жолугушкан.
Министрликтин мурунку билдирүүдө: «Министрибиз Хакан Фидан Египеттин Аламейн шаарында Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Эбу Гайт менен жолугушту»,-делген.
Хакан Фидан сапарынын алдында Эль-Ариш шаарында Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD), ошондой эле Түрк Кызылайынын кызматкерлери менен да жолугушууларды өткөргөн.
Министр Фидан Египеттин Кызылай логистикалык борборунун жооптууларынан Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдардын координацияланышы тууралуу маалымат алган.