Богазичи университетинде Газа конференциясы

TРTнын глобалдык байланыш өнөктөшү болгон Стамбулдагы Богазичи университетинин укук факультети тарабынан уюштурулган «Газадан кийин эл аралык укукту кайра карап чыгуу» конференциясында «Адилеттик жана эл аралык укук» аттуу отурум өткөрүлдү.

2171426
Богазичи университетинде Газа конференциясы
bogazici univ Richard Falk.jpg
bogazici univ konferans Balakrishnan Rajagopal.jpg

Богазичи университетинде өткөрүлгөн конференцияда «Адилеттик жана эл аралык укук» темасы талкууланды.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) глобалдык байланыш өнөктөшү болгон Стамбулдагы Богазичи университетинин укук факультети тарабынан уюштурулган «Газадан кийин эл аралык укукту кайра карап чыгуу» конференциясында «Адилеттик жана эл аралык укук» аттуу отурум өткөрүлдү.

АКШдагы Принстон университетинде эл аралык укук боюнча адис жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча мурдагы баяндамачысы, саясат таануучу Проф. Ричард Фальк, конференцияда Израилдин Газадагы аракеттерин катуу сынга алып, Газадагы кризисти эффективдүү чече албаган эл аралык укуктун жетишсиздигин баса белгиледи.

Эл аралык укуктун ролуна, учурдагы кемчиликтерине жана күчтүү аткаруу механизмдеринин зарылдыгына басым жасаган Фальк : «Геноцид уланууда жана Газа менен түздөн-түз байланышы бар аймакта дагы кеңири кыйраткыч согуш коркунучу барган сайын күчөгөн тынчсыздануу булагы болуп калды»,-деди.

Фальк Израилдин эл аралык чечимдерди ачыктан-ачык этибар албаганын жана дүйнөлүк коомчулуктун бул мыйзамдарды аткара албаганын сындап: «Геноцидди токтото турган, Газаны, Батыш Шерианы жана Чыгыш Кудсту оккупациялоону токтото турган таасирдүү чечимдерди Израиль одоно түрдө этибарга албай койду»,- деди.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына карата эл аралык реакциялардагы кош стандартты айыптаган Фальк, кемчиликтерине карабастан тилектештик кыймылдарын мыйзамдаштырууда жана келечек муундарды адилеттүүлүк жана адам укуктары боюнча тарбиялоодо эл аралык укуктун маанилүү бойдон калганын айтты.

БУУнун турак-жай укугу боюнча атайын баяндамачысы Балакришнан Ражагопал да өз сөзүндө Газадагы жана башка жаңжал аймактарындагы турак жайларды системалуу түрдө бузуунун таасирин баса белгиледи.

Ражагопал эл аралык коомчулук мындай аракеттерди эл аралык укук боюнча өзүнчө кылмыш катары таанып, көйгөйдү чечүү үчүн конкреттүү чараларды көрүшү керектигин билдирди.

Ражагопал үйлөрдү бузууну адамзатка каршы кылмыш жана Газадагыдай геноцид актысы катары мүнөздөдү.

Газаны кайра курууда кездешкен кыйынчылыктарды баса белгилеген Ражагопал азыркы шарттарда процесстин ондогон жылдарга созулушу мүмкүн экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар