Тышкы иштер министри Фидан Египетке баратат
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан кесиптеши Абдулати менен Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сисинин Түркияга сапарына даярдыктар сүйлөшүлөт.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан кесиптеши министр Бедир Абдулатинин чакыруусу менен Египетке барды.
Министр Фиданды Египеттин Эль-Ариш аэропортунда Түндүк Синайдын губернатору генерал-майор Халед Мегавер Мохамед тосуп алды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан кесиптеши Абдулати менен Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сисинин Түркияга сапарында өткөрүлө турган биринчи Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин (YDSK) жыйынына даярдыктарды сүйлөшөт.
Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин (YDSK) алкагында кол коюлушу пландалган 20га жакын келишимге байланыштуу учурдагы абалга баа берилет.
Жолугушууларда эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий карым-катнаштар жана аймактагы учурдагы абалдар тууралуу пикир алмашылып, энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм жана коргонуу өнөр жайы тармактарында узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Сапардын негизги күн тартиби болгон Газадагы абалдар, Палестина маселеси жана Газага гуманитардык жардамдар менен катар Ливия, Судан жана Сомалидеги абалдар да кеңири бааланат.
Министр Фидандын Түркиядан Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамга байланыштуу Ел Ариш жана Рафах чек ара капкасына барып көрүүсү жана Египет Кызылайынын логистикалык борборун текшерүүсү күтүлүүдө.