Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен билдирүү жасалды.
2171102
Ирак менен Сириянын түндүгүндө 8 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө күчүн асыл улуттан алган Түрк куралдуу күчтөрүнүн террордон тазалоо иштерин үзгүлтүксүз улантып жатканы белгиленип:«Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында аныкталган 4 ПКК террористин жана Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы аймагында аныкталган ПКК/ЙПГга мүчө 4 террористти жок кылды. Операцияларыбыз аймакта акыркы террорист жок кылынганга дейре чечкиндүүлүк менен уланат»,-деп айтылды.