Фидан Израилдин Газага жардам берилишине тоскоол болгонун айтты

Египеттин тышкы иштер министри Бедир Абдулатинин чакыруусу менен Египетте жолугушууларды өткөргөн Фидан Эл Ариш порту жана Рафах чек ара капкасына жасаган сапары тууралуу X социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

2171138
Фидан Израилдин Газага жардам берилишине тоскоол болгонун айтты

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газага жардам берилишине тоскоол болгонун айтты.

Египеттин тышкы иштер министри Бедир Абдулатинин чакыруусу менен Египетте жолугушууларды өткөргөн Фидан Эл Ариш порту жана Рафах чек ара капкасына жасаган сапары тууралуу X социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

Фидан египеттик жетекчилер менен бирге Эль Ариш порту жана Рафах чек ара дарбазасында жүргүзүлгөн иштерди карап чыкканын баса белгилеп:«Газага эң көп гуманитардык жардам берген өлкө Түркия. Бирок бул жерде болуудагы максатыбыз Түркиянын жардамын сөз кылуу эмес, Газадагы геноцидди дүйнөлүк коомдук пикирге жеткирүү»,-деп айтты.

Израилдин чек ара дарбазасын жабуу, жардам конвойлорун бутага алуу, гуманитардык жардам кызматкерлерин өлтүрүү, бейтаптардын жана жарандардын эвакуацияланышына тоскоол болушунун, миңдеген жүк ташуучу унаалардын жардам материалдарынын чирип кетишинин адамзатка каршы кылмыш экенин баса белгилеген Фидан, мунун «чек аранын аркы тарабында жасалган геноциддин биринчи фазасы» экенин белгиледи.

Фидан:«Дүйнө Израиль башкаруусунун бул зулумдугуна унчукпай туруууну токтотушу зарыл. Газага жардамдардын тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн көбүрөөк аракет кылышы керек»,-деп өз баасын берди.

Министр Фидан айрыкча Түркиянын мамлекети, жарандары жана бейөкмөт уюмдары менен Палестина калкынын жанында акырына чейин болорун, ахлактык жана адамдык милдетин аткарууну уланта турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар