Тышкы иштер министри Фидан "Эрдогандын жанындабыз" деген билдирүү жарыялады
Кац Х социалдык медиа эсебинен президент Эрдоганды бутага алган билдирүү жарыялаган.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин тышкы иштер министри Исраэль Кацтын президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган билдирүүсүнөн кийин социалдык медиа эсебинен «#Эрдогандын жанындабыз» деген билдирүү жарыялады.
Министр Фидан Х социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө буларды айтты : "Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын улутка болгон сүйүүсүн жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон эбегейсиз салымын каралоо аракеттерине жол бербейбиз, улутубуздун лидери жана бардык эзилгендерге үмүт нуру болгон президентибиздин жанындабыз. Анын жол башчылыгында күчтүү жана өнүккөн Түркия үчүн биргелешип иштөөнү улантабыз»,-деди.
Кац Х социалдык медиа эсебинен президент Эрдоганды бутага алган билдирүү жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Кахраманмарашта 7 миң 600 жылдык скелет табылды
Скелеттин так жашы ДНК изилдөөлөрү жана көмүртек 14 тестинен кийин аныкталат.
Ички иштер министри Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри менен жолугушту
Министр Али Йерликая Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов менен жолугушту.