Тышкы иштер министри эртең Египетке барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Бедир Абдулатинин чакыруусу менен эртең жана 5-августта Египетке  барат.

2170949
Тышкы иштер министри эртең Египетке барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин тышкы иштер министри Бедир Абдулатинин чакыруусу менен эртең  5-августта Египетке  барат.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Фидан жана кесиптеши Абдулати, Египеттин президенти Абдель Фаттах ел-Сисинин Түркияга сапарында өткөрүлө турган биринчи Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин  жыйынына даярдыктар тууралуу сүйлөшөт.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин негизинде кол коюлушу күтүлгөн 20га жакын келишим тууралуу азыркы абал каралат.

Жолугушууларда эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий карым-катнаштар менен аймактагы учурдагы абалдар тууралуу пикир алмашылып, энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм жана коргонуу өнөр жайы тармактарында узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Сапардын негизги күн тартиби болгон Газадагы абалдар, Палестина маселеси жана Газага гуманитардык жардамдар менен катар Ливия, Судан жана Сомалидеги абалдар да кеңири каралат.

Министр Фидандын Түркиядан Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамга байланыштуу Ел Ариш жана Рефах чек ара капкасын зыярат кылуусу жана Египет Кызылайынын логистикалык борборунда изилдөө жүргүзүшү күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар