Куртулмуш : "Палестина доосу биздин да улуттук дообуз"
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Палестина маселесинин улуттук доо экендигин айтты.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Палестина маселесинин улуттук доо экендигин айтты.
Куртулмуштун жетекчилигиндеги түрк делегациясы Ирандын борбор шаары Тегеранда кол салууга учураган Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Ханийенин Дохадагы жаназа аземинен кийин Түркиянын Доха элчилиги тарабынан мейманканада уюштурулган программага катышты.
Нуман Куртулмуш бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : "Палестина доосу бир гана палестиналыктардын же араб дүйнөсүнүн эле эмес, Палестина доосу биздин да улуттук дообуз. Мунун бир улуттук доо экендигин бир гана сөз менен эмес, иш жүзүндө да далилдеди",- деди.
"Мындан кийин Палестина үчүн оор күрөш болот бирок Нетаньяху жана бандасы үчүн андан да кыйын процесс башталды",- деген Куртулмуш : "Адамзаттык фронттун жеңишке жетишип,палестиналык боордошторубуздун толугу менен эркиндигине ээ боло турган мезгилге жетет",- деди.