Дания Түркияны дипломатиялык ийгилигинен улам куттуктады
Ларс Локке Расмуссен Улуттук Чалгындоо Уюму жүргүзгөн алмашуу операциясына баа берди.
Даниянын тышкы иштер министри Ларс Локке Расмуссен Улуттук Чалгындоо Уюму (УЧУ) тарабынан жүргүзүлгөн туткундарды алмаштыруу операциясынын «Түркия үчүн чоң дипломатиялык жеңиш» болгондугун айтты.
Расмуссен басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму жүргүзгөн алмашуу операциясына баа берди.
Ал бул операцияны "Түркиянын чоң дипломатиялык жеңиши" деп мүнөздөп, Беларус жана Россиядан чыгарылган 16 адам үчүн да жакшы окуя болгонун белгилеп, Түркияны дипломатиялык ийгилиги менен куттуктады.
Расмуссен өзгөчө алмашуу операциясында Россияга жөнөтүлгөндөрдүн саны бул өлкөдөн келгендерден аз экендигине байланыштуу ыраазычылыгын билдирди.
Улуттук Чалгындоо Уюму АКШ, Германия, Польша, Словения, Норвегия, Россия жана Беларустун түрмөлөрүндөгү 26 кишинин өз ара алмашуусун камтыган акыркы мезгилдин эң кеңири масштабдуу алмашуу операциясын ишке ашырды.
Операцияда алмашылгандардын арасында The Wall Street Journal журналынын кабарчысы Эван Гершкович, америкалык мурдагы деңиз аскери Пол Уилан, немис жараны жалданма аскер Рико Кригер, орусиялык диссидент Илья Яшин жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын офицери Вадим Красиков бар.