"Абдулхамид Хан" бургулоочу кемеси Фильоско барды
Жетинчи муундагы бургулоочу кеме "Абдүлхамид Хан" Жер Ортолук деңизиндеги миссиясын аяктады.
2170903
Зонгулдактан 170 километр алыстыкта жайгашкан Сакария газ талаасындагы иштерге катышуу үчүн жолго чыккан Түркиянын терең деңиз бургулоо флотунун төртүнчү бургулоочу кемеси "Абдүлхамид Хан" Фильоско барды.
Жетинчи муундагы бургулоочу кеме "Абдүлхамид Хан" Жер Ортолук деңизиндеги миссиясын аяктады.
Мунарасы жарым - жартылай талкаланган кеме кечээ Босфор кысыгынан өтүп Кара деңизге барды.
Узундугу 238 метр жана туурасы 42 метр болгон бургулоочу кеме 20 жыл Кара деңиздеги бургулоо иштерине катышат.
Фильоско барган кеменин мунарасы портто кайрадан монтаждалат.
Монтаждоо процессинен кийин кеме деңизден 170 километр алыстыкта жайгашкан Сакария газ аянтына барат.