Wall Street Journal туткундарды алмаштыруу операциясы тууралуу жазды
Гезит кечээки алмаштыруу операциясынын президент Эрдоган үчүн "башка бир дипломатиялык ийгилик" экендигин баса белгиледи.
2170623
Американын Wall Street Journal гезити Улуттук Чалгындоо Уюмунун башкаруусунда кечээ борбор шаар Анкарада болгон туткундарды алмаштыруу операциясы тууралуу : "Президент Режеп Таййип Эрдоган үчүн башка бир дипломатиялык ийгилик",- деп жазды.
Гезиттин Улуттук Чалгындоо Уюмунун туткундарды алмаштыруу операциясы менен бошотулгандардын арасында Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Еван Гершкович да орун алгандыгы белгиленген кабарында Түркиянын Укураина согушу чыккан күндөн тарта бир нече "туткун алмашууну" өткөргөндүгү эске салынды.
Wall Street Journal кечээки алмаштыруу операциясынын президент Эрдоган үчүн "башка бир дипломатиялык ийгилик" экендигин баса белгиледи.
Түркиянын «Кара деңиз дан демилгеси» келишиминде таасирдүү актер болгонун эске салган гезит Түркиянын Украина согушунда бир жыйынтыкка келбесе да тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатканына көңүлдөрдү бурду.
Wall Street Journal президент Эрдогандын Россия менен карым - катнаштар тууралуу батыштан көз карандысыз багыт сызгандыгын да белгиледи.
Улуттук Чалгындоо Уюму кечээ АКШ, Германия, Польша, Словения, Норвегия, Россия жана Беларусь абактарындагы 26 кишинин алмаштырылышын камтыган акыркы мезгилдин кенен масштабдуу алмаштыруу операциясын өткөрдү.