Хакан Фидан Хамас башкаруучуларына көңүл айтты
Фидандын Мешал менен жолугушуусуна Исмаил Ханийенин уулдарынан Абдүсселам жана Хеммам Ханийенин да катышкандыгы билдирилди.
2170526
Тышкы иштер министри Хакан Фидан кол салууда өлтүрүлгөн Хамас саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе үчүн Хамастын лидерлерине көңүл айтты.
Министрликтин Х социалдык платформасынан берилген маалыматта : "Министрибиз Хакан Фидан Катардын борбор шаары Дохада Хамастын саясий бюросунун өкүлү Халид Мешалга көңүл айтты",- деп белгиленди.
Маалыматта Фидандын Мешал менен жолугушуусуна Исмаил Ханийенин уулдарынан Абдүсселам жана Хеммам Ханийенин да катышкандыгы билдирилди.
Исмаил Ханийе 30 - июлда Ирандын жаңы президенти Месуд Пезешкиандын ант берүү аземине катышуу үчүн барган Тегеранда кол салууга учураган.