Эрдоган - Байден телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркия  менен АКШ карым-катнаштары, Газа маселеси, Түркияда ишке ашырылган туткун алмашуу,  аймактык жана глобалдык абалдар каралды.

2170357
Эрдоган  - Байден телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын  президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Түркия  менен АКШ карым-катнаштары, Газа маселеси, Түркияда ишке ашырылган туткун алмашуу,  аймактык жана глобалдык абалдар каралды. 

Эрдоган АКШлык кесиптешине Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху башкаруусунун Газада ок атышпоо жана тынчтыкты каалабагандыгын ар бир кадамда көрсөткөндүгүн, Нетаньяхунун өткөн аптада АКШнын Өкүлдөр парламентиндеги көрүнүштөрдүн Түркия жана дүйнөдө терең нааразычылык жараткандыгын, Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийеге 31 -  июлда Иранда жасалган кол салуунун ок атышпоо аракеттерине оор сокку ургандыгын жана Израилдин Газадагы өрттү аймакка жайылтууга аракет кылгандыгын айтты. 

Жо Байден болсо кечээ борбор шаар Анкарада өткөн туткун алмашуунун маселесиз өткөрүү үчүн көрсөткөн  аракеттеринен улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Туткун алмашуу операциясында АКШдан 2, Германия, Польша, Словения, Норвегия жана Россиядан бирден учак болуп жалпы  7 учак менен Түркияга алып келинген 10 кишинин экөөсү бала болгон барымта Россияга, 13 барымта Германияга, 3 барымта да АКШга жиберилди. 

 



Тектеш кабарлар