Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Нетаньяхунун АКШ Когрессинде сөз сүйлөөсүнө каршы чыкты
Жалпы жыйында Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу парламент төрагасынын сунушу кабыл алынды.
Газада геноцид кылган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) конокто болушуна Түркия Улуу Улуттук Жыйыны (TBMM) тарабынан орток үн чыкты.
Жалпы жыйында Нетаньяхунун АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу парламент төрагасынын сунушу кабыл алынды.
Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш кол койгон меморандумда Палестинада ондогон жылдар бою адилетсиз баскынчылык жана олуттуу мыйзам бузууларды Газада этникалык ырайымсыз тазалоо кампаниясы менен болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткирген Нетаньяхунун АКШ Конгрессине кайрылуусу шермендечилик катары тарыхта калганы баса белгиленди.
Демократияны жана адам укуктарын коргоону эч кимге калтырбаган өлкөнүн кошмо жыйынында канкор согуш кылмышкеринин кол чабуулар жана кубаттоо менен сөз сүйлөшүнө уруксат берүү, бул демократиялык уят гана эмес, мыйзамга жана ар кандай адамдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарга өкүнүчтүү чакырык экенин баса белгилеген мемордандумга төмөнкүдөй билдирүүлөр киргизилди: «Бүткүл адамзат башынан бери күбө болгон геноциддик кыргынды жана ачык согуш кылмыштарын жаап-жашырууга Нетаньяхунун калпка негизделген шоусу жетишсиз. Айрыкча АКШ Конгресси баш болгон Израилге саясий таасири бар бардык чечим кабыл алуучуларды Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн эффективдүү чараларды көрүүгө, ок атышууну токтоосуз токтотуу үчүн Израилге саясий басымды күчөтүүгө жана кылынган оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартуу аракеттерин колдоого чакырабыз. Согуш кылмышкерлери сүйлөй турган жер парламент трибуналарында эмес, эл аралык соттордогу док болуп саналат», - деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган да социалдык медиа эсебинен сунушту колдогондугун билдирди.