Түркиядан Суданга гуманитардык жардам...

Түркиядан Суданга гуманитардык жардам материалдарын жеткире турган кеме Мерсин эл аралык портунан жолго чыкты.

2162727
Түркиядан Суданга гуманитардык жардам...

Түркиядан Суданга гуманитардык жардам материалдарын жеткире турган кеме Мерсин эл аралык портунан жолго чыкты.

Суданда уланып жаткан гуманитардык кризистен улам Апаат жана Өзгөчө кырдаалдар Башкармалыгынын (AFAD) координациясында Саламаттык сактоо министрлиги, Түрк Кызылайы жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен тамак-аш, гигиена, кийим-кече, баш калкалоочу жай жана ден-соолук материалдарынан турган 2 миң 408 тонна жардам материалы даярдалып, «Сардес» аттуу кемеге жүктөлдү.

Портто өткөрүлгөн узатуу аземинде AFADдын төрагасы Окай Мемиш жардамдын мазмунун түшүндүрүп: «Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан камсыздалган 160 тонна дары жана медициналык каражат, 128 тонна кийим-кече, 90 тонна гигиеналык материал, 44 тонна жууркан жана  ар кандай баш калкалоочу материалдарды жөнөтүүнү пландаганбыз. Буюрса, кеме 19-21-июлда Суданга жетет",-деп айтты.

Суданда бир канча убакыттан бери уланып жаткан ички кагылышуулар жана кургакчылыктан улам болжол менен 8 миллион кишинин өз жерин жана мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгонун эске салган Мемиш: «Бул кагылышуу чөйрөсүнүн тез арада бүтүшүн үмүт кылабыз. Кургакчылыктан жапа чеккен жана жардамга кайрылган судандык боордошторубузду жалгыз калтырбайбыз»,-деди. 

Газага гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерине да токтолгон Мемиш: «Ушул убакка чейин 13 аскердик учак конуучу кеме жана 12 кеме менен Палестина жана Газага болжол менен 60 миң тонна гуманитардык жардам жөнөттүк. Египеттеги элчилигибиз жана Египеттеги Кызылай коомубуз менен биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантып жатабыз, бирок Рефах чек ара дарбазасынан дагы көп гуманитардык жардам барып жаткан. Керем Абу Салим чек ара капкасынан өтүп жаткан гуманитардык жардамдардын өтө эле жетиштүү экенин ойлобойбуз. Израиль өкмөтүнүн бул таш боор мамилесине каршы эл аралык аренада аларга кысым көрсөтүүнү каалайбыз жана жардамыбызды улантабыз»,-деп айтты.

Сөз сүйлөөдөн кийин кеме Порт-Суданга жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар