Эрдоган: «Түркияны басып алабыз деп ойлогондордун 40 жылдык пландары текке кетти»
Президент Эрдоган Стамбулга жакын Демократия жана Эркиндиктер аралында өткөрүлгөн 15-июль шейиттери Мустафа Жамбаз фото сынагынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү Түркияны басып алабыз деп ойлогондордун 40 жылдык пландарынын бир нече саатта текке кеткенин айтты.
Президент Эрдоган Стамбулга жакын Демократия жана Эркиндиктер аралында өткөрүлгөн 15-июль шейиттери Мустафа Жамбаз фото сынагынын сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, ФЕТӨ мүчөлөрүнүн баарын майда-чүйдөсүнө чейин эсептеп чыкканын белгилеп, сөзүн мындайча улантты: «Бирок, кырк жыл бою хамелеонго окшоп кырк түрдүү кейпин кийип жашынып жүрүштү. 15-июлга караган түнү да сары майдан кыл суурган сыяктуу Түркияны басып алып, улуттун эркин ээлеп алабыз деп ойлошкон. Бирок 40 жылдык план, даярдык иштери бир нече сааттын ичинде текке кетти./... ./ Чыккынчылык банданын 40 жылдык планын бир түндө бузуп, тарыхыбызга жана бизден кийинки муундарга жаңы жеңишти тартууладык, аны алар ардак белгиси катары сыймыктануу менен алып жүрүшөт»,-деп айтты.
Эрдоган 15-июлдун рухун коргой тургандарын айтты.
Израилдин Газага кол салууларына токтолгон президент, Газадагы гуманитардык трагедияга Батыштын эч бир медиа мекемесинде көзгө көрүнөрлүк реакция болбогонун белгилеп: «Тилекке каршы, Газада сынактан эл аралык уюмдар гана эмес, Ислам дүйнөсүнүн институттары да өтө алган жок. 2 миллиард калкы, триллиондогон доллардан ашкан экономикалык кубаттуулугу жана сансыз стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан Ислам дүйнөсүнүн Израилге таасир эте албаганы тууралуу баарыбыз жакшылап ойлонушубуз керек. Батыш дүйнөсүн Газадагы кыргындар үчүн туура сындап жатканыбыз менен, мусулмандар катары өзүбүздү да жоопко тартышыбыз керек деп эсептейм»,- деди.