Тышкы иштер министрлигинде Сребреницаны эскерүү күнү өткөрүлдү
Быйыл Түркиянын демилгелери менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 11-июлду «Сребреница геноцидин эл аралык ойлоо жана эскерүү күнү» деп белгиледи.
Сребреницада Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европадагы эң ири геноцид болгон.
Быйыл Түркиянын демилгелери менен Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 11-июлду «Сребреница геноцидин эл аралык ойлоо жана эскерүү күнү» деп белгиледи.
Тышкы иштер министрлигинде «Эл аралык Сребреница кыргынын ойлоо жана эскерүү күнүнө» байланыштуу жыйын өткөрүлдү.
Жыйында сөз сүйлөгөн Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча директору Кемал Бозай, өткөндөн сабак алуу керектигин баса белгиледи.
Бозай: «Тилекке каршы, Сребреницадагы босниялыктарга болгон сыяктуу Газада Палестина элине каршы уланып жаткан кыргындардын алдында адамзат кандай коркунучтуу сыноону башынан өткөргөнүн баарыбыз чогуу көрүүдөбүз»,-деди.
Эл аралык коомчулуктун Израилди токтотуп, жазалоого жетишсиз экенин белгилеген Бозай : «Анткени Израиль бүгүнкү күндө соттолуп жаткан Эл аралык соттун алдын алуу чараларын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин да аткарбай жатат. Бирок Газадагы бул жапайычылыкка жооптуу болгондор Сребреницада күбө болгон сыяктуу эртеби-кечпи эл аралык укук алдында жооп берерине чын жүрөктөн ишенебиз»,-деп айтты.
Жолугушууда сөз сүйлөгөн Босния-Герцеговинанын Анкарадагы элчиси Мирсада Чолакович да Түркияга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.