Алтун: «Эгер адамзат Сребреницадан сабак ала алса, Газадагы геноцид бүгүн болмок эмес»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Сребреница геноцидинин эскерүү күнүнө карата билдирүү бөлүштү.

2161879
Алтун: «Эгер адамзат Сребреницадан сабак ала алса, Газадагы геноцид бүгүн болмок эмес»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Эгер адамзат Сребреницадан сабак ала алса, Газадагы геноцид бүгүн болмок эмес»,-деди.

Фахреттин Алтун Сребреница геноцидинин эскерүү күнүнө карата билдирүү бөлүштү.

Алтун билдирүүсүндө Босния-Герцеговинанын биринчи президенти, саясатчы жана ойчул Алия Изетбеговичтин «Унутулган геноцид кайталанат» деген сөздөрүн кайталоо менен өзүнүн сөздөрүн баштады.

«11-июлдун» заманбап тарыхтын дагы эле жабыла элек эң азаптуу барактарынын бири болгонун белгилеген Алтун : «Сребреница геноцидинин азабы, арадан 29 жыл өтсө да жүрөгүбүздөгү ордун сактап турат»,-деди.

Алтун : «Трагедиялар бүткүл адамзат үчүн сабак болушу керек. Газадагы геноцид бардык зордук-зомбулуктары менен уланып жаткан бул күндөрдө, дүйнөнү адам болуу кадыр-баркына татыктуу жашоого ылайыктуу жер кылуу үчүн күрөштө Сребреницадан ар бир адам үчүн өтө чоң сабактар ​​бар. Эгер адамзат Сребреницадан сабак ала алган болсо, Газадагы геноцид бүгүн болмок эмес»,-деп өз баасын берди.

Алтун Сребреницадагы бул трагедиялуу окуянын Газа геноцидине каршы дүлөй абийирлердин ойгонушуна себепчи болушун үмөттөнөөрүн айтты.



Тектеш кабарлар