Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери украиналык кесиптеши менен жолугушту

АКШ Конгрессинин жетекчилигинде НАТОнун  75 -  жылын өткөрүп жаткан НАТО парламент башчыларынын саммитинин негизинде борбор шаар Вашингтонго барган Куртулмуш Стефанчук менен жолугушту.

2161261
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери украиналык кесиптеши менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Праламентинин  спикери Нуман Куртулмуш Украина парламентинин спикери Руслан Стефанчук менен жолугушту.

АКШ Конгрессинин жетекчилигинде НАТОнун  75 -  жылын өткөрүп жаткан НАТО парламент башчыларынын саммитинин негизинде борбор шаар Вашингтонго барган Куртулмуш Стефанчук менен жолугушту. 

Куртулмуш Украинанын борбор шаары Киевге жасалган жана араларында балдар ооруканасы да болгон имараттарга карата кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтты. 

Стефанчук Россиянын кол салуусу жана мунун жыйынтыгында пайда болгон көрүнүштөрдү Куртулмушка көрсөттү жана кол салуу тууралуу маалымат берди. 

Стефанчук Куртулмушту 24 - октябрда Лентониянын борбор шаары Ригада өтө турган Крым платформасынын парламенттик саммитине да чакырды.

Жолугушууда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын спикери Куртулмуш Түркиянын Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана Крым баш болгон Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдой тургандыгын кайталады.

Куртулмуш саммиттеги тыныгуу учурунда айрым өлкөлөрдүн парламент спикерлери менен да маектешти. 

 

 



Тектеш кабарлар