Түркия Израилдин мектепке кол салуусун айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2161194
Түркия Израилдин мектепке кол салуусун айыптады

Түркия Газанын Хан Юнус шаарында палестиналыктар баш калкалаган мектепте Израилдин ондогон бейкүнөө жарандарды өлтүрүшүн айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,"Газанын Хан-Юнус шаарында палестиналыктар баш калкалаган мектепте ондогон бейкүнөө жарандарды Израилдин өлтүрүшүн айыптайбыз. Хан Юнуста табылган массалык көрүстөндөр жана акыркы төрт күндө ал жердеги төрт мектептин бутага алынышы, Израилдин Палестина элин толугу менен жок кылууну максат кылып жатканынын конкреттүү далили»,-деп айтылды.

Билдирүүдө бул кол салуулардын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн бузууну максат кылганын да көрсөткөнү баса белгиленип: «Израиль расмийлери адамкерчиликтин жана эл аралык укуктун бардык баалуулуктарын тоготпогон бул аракеттери үчүн мыйзам алдында жооп беришет",- деп кошумчаланган.

Израилдин Газа тилкесиндеги Хан Юнус шаарында жер которгон палестиналыктар баш калкалаган мектептин дарбазасына кол салуусунан 25 палестиналык каза болуп, 53төн ашуун киши жараланды.



Тектеш кабарлар