Гөргүн: «Коргоо өнөр жай инфраструктурасы шериктештердин да муктаждыктарын канааттандырууга даяр»

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүштү.

2161405
Гөргүн: «Коргоо өнөр жай инфраструктурасы шериктештердин да муктаждыктарын канааттандырууга даяр»

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн коргоо өнөр жай инфраструктурасынын Түркиянын гана эмес шериктештердин да муктаждыктарын канааттандырууга даяр экенин айтты.

Гөргүн социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчылар саммитинин алкагында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо өткөрүлгөн НАТО саммитинин Коргоо өнөр жай форумуна Түркиянын коргоо өнөр жайы катары катышкандарын белгиледи.

НАТОнун сестентүүсүн жана коргонуусун дагы да күчтөндүрүү максатында өткөрүлгөн саммитте маанилүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уланткандарына көңүл бурган Гөргүн:«Түркия катары өлкөбүздүн жана союздаштарыбыздын каражат жана мүмкүнчүлүктөрүн дагы да күчтөндүрүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган бул жолугушууларды жана форумдарды абдан маанилүү деп эсептейбиз. Биз жашаган географиянын таасири жана алган тарыхый сабактардын натыйжасында көп жылдар бою чоң берилгендиктер менен курган коргоо өнөр жай инфраструктурабыз бүгүнкү күндө өлкөбүздүн гана эмес, биздин шериктештердин да муктаждыктарын канааттандырууга даяр. Коргоо өнөр жайдагы жумушчу күчүбүз сапаты жана баасы жагынан НАТОго уникалдуу мүмкүнчүлүк сунуштайт»,-деди.

Гөргүн Түркиянын НАТОнун «улуу жана кадыр-барктуу» мүчөсү экенин баса белгилеп: «Күчтүү Түркиябыздын өсүп келе жаткан жылдызы болгон коргоо өнөр жайыбыз эң стратегиялык пункттарда эң күчтүү түрдө бар болууну улантат. Саммит бүткүл адамзат үчүн, өзгөчө биздин өлкө үчүн пайдалуу болот деп ишенем», - деп айтты.



Тектеш кабарлар