Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары

Эрдоган Эндрю В. Меллон аудиториясында өткөрүлгөн НАТОнун 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына жубайы Эмине Эрдоган менен катышты.

2161212
Эрдогандын АКШдагы жолугушуулары
viktor orban-erdogan nato zirvesi.jpg
erdogan nato zirvesi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган жолугушууларын НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо баштады.

Эрдоган Эндрю В. Меллон аудиториясында өткөрүлгөн НАТОнун 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына жубайы Эмине Эрдоган менен катышты.

Саммитке келген мамлекет жана өкмөт башчылары иш-чаранын башында сүрөткө түшүштү.

Программада Экинчи дүйнөлүк согуш, НАТОнун курулушу, Босния согушу, Крымдын аннексияланышы жана Орусия-Украина согушу сыяктуу түрдүү окуялардын слайттарын камтыган видеолор көрсөтүлдү.

Иш-чарада АКШ президенти Жо Байден жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг ачылыш сөз сүйлөштү.

Эрдоган НАТОнун 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасынан кийин өзү турган мейманканада Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен Венгриянын эки тараптуу карым-катнаштары, Түркиянын Европа Биримдигине (ЕБ) кирүү процесси, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Президент Эрдоган Түркиянын Украина-Орусия согушун жана Израилдин Газага кол салууларын токтотуу үчүн тынчтык аракеттерин улантып жатканын, эл аралык коомчулуктун бул аймактарда тынчтык орнотуу аракетин арттыруусу керектигин айтты.

Эрдоган, Венгриянын кезектешкен төрагалык мөөнөтүндө Түркиянын Евробиримдикке кирүү процессин жандандыруу жана мамилелерди алдыга жылдыруу үчүн Венгриядан колдоо күтөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар