Түрксат 6 А ийгиликтүү учурулду

Түркиянын жергиликтүү жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6А Америка Кошмо Штаттарынын  Флорида штатындагы Кейп Канаверал космостук күчтөрү станциясынан ийгиликтүү учурулду.

2160799
Түрксат 6 А ийгиликтүү учурулду

Түркиянын жергиликтүү жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6А Америка Кошмо Штаттарынын  Флорида штатындагы Кейп Канаверал космостук күчтөрү станциясынан ийгиликтүү учурулду.

Түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан Түрксат 6А аба ырайынын шарттарынан улам космоско Түркия убактысы боюнча саат 02.30да Space X компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен Launch Complex 40тан космоско учурулду.

Болжол менен жарым сааттан кийин ракетадан ийгиликтүү бөлүнгөн Түрксат 6Адан 67 - мүнөттө алгачкы сигнал алынды.

Орбитасына карай космостук сапарын 42 градус чыгыш узундукта баштаган Түрксат 6А кеминде 1 айга созула турган орбиталык сыноолордон кийин иштей баштайт.

Жерден 35 миң 786 километр алыстыкта ​​жайгаша турган Түрксат 6А 20 даана Ku Band транспондери менен кызмат кылат. 8,4 киловатт кубаттуулуктагы жана 4 миң 229 килограмм салмактагы Түрксат 6А менен Түрксат ичине алган Индия, Таиланд, Малайзия жана Индонезияны да камтый алат.

Спутниктин ишке кириши менен Түркия өзүнүн байланыш спутниктери менен дүйнө калкынын 65 пайыздан ашыгына жете алат. Түркиянын спутниктери тейлеген  калк саны да 3,5 миллиарддан 5 миллиардга чыгат.

 

 



Тектеш кабарлар